МКК Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленди

23-июнь Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясында атайын иш чара болуп өттү. Иш чарада 13 мамлекеттик кызматкер “мамлекеттик кызматтын отличниги” 6 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери “муниципалдык кызматтын отличниги” деген белгилерди алышты. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ардак грамоталар менен сыйланышты. Республика боюнча жалпысынан 68 адам “КРдин мамлекеттик кызматынын отличниги”, 29 адам “КРдин муниципалдык кызматынын отличниги” деген төш белги менен сыйланды.  

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакыт Сагынбаев баардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга профессионалдык жетишкендик, бекем ден-соолук, ийгилик жана бакубат жашоо каалады.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү менен Президенттин Аппарат жетекчиси Алмаз Кененбаев, Өкмөттүн Аппарат жетекчиси Самат Кылжыев, Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотов, КРПМБАнын ректору Алмазбек Акматалиев куттуктады.

Эске салсак, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү 2017-жылдан бери белгиленип келет.