Мамлекеттик кызматчылардын жана мамлекеттик мекемелеринин кызмакерлеринин тобу магистр даражасын алуу үчүн Түштүк Кореяга окууга жөнөдү.

2019-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында «KOICA Scholarship Program 2019» долбоорунун стипендиаттары МККнын директорунун милдетин аткаруучу Б.Э. Сагынбаев жана KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы О. Донггиль мырза менен жолугушту.

Бул программага кызыгуу жылдан жылга өсүп жатканын белгилейбиз.    2018-жылы 5 гана талапкер тандалып алынган болсо, үстүбүздөгү жылдын августунда Кыргызстандын мамлекеттик кызматчыларынын жана мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлеринин санынын арасынан 11 стипендиат Корея Республикасына окууга барып, Кореянын алдыңкы университеттеринде ар түрдүү тармактар боюнча магистр даражасына ээ болот.

Стипендиялык программанын максаты - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына Корея университеттеринде магистр даражасын алууга мүмкүндүк берүү болуп саналат.

Программанын негизги талабы - англис тилин билүү, ошондой эле мамлекеттик кызматчылар үчүн - мамлекеттик кызматта эки жылдан кем эмес иш стажына ээ болуу, ал эми мамлекеттик сектордун кызматчылары үчүн - тийиштүү чөйрөдө эки жылдан кем эмес иш стажына ээ болуу.

Конкурсанттар Корея Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайларынын профессорлорунун катышуусу менен KOICAда тандоо аңгемелешүүлөрдөн өтүштү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын стипендиаттар менен байланышкан үмүтү зор. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы белгилегендей, алардын Кореяда алган билимдери жогору бааланып, мамлекеттик органдардын ишмердигин жакшыртуу үчүн жардам берет.

Өз кезегинде, KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы               О. Донггиль мырза «KOICA SP» магистр программасын жүзөгө ашырууга колдоо көрсөтүлгөндүгү үчүн Мамлекеттик кадр кызматына ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да активдүү кызматташууну күтүп жатканын билдирди.

 

Маалымдоо:

KOICA стипендиалдык программа «CIAT» (Capacity Improvement and Advancement for Tomorrow) стипендиалдык программанын алкагында жүзөгө ашырылууда. Бул программа өнөктөш өлкөлөрдүн адам ресурстарын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн багытталган. Бул долбоор 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен биргелешип ишке ашырылып келе жатат. Бүгүнкү күнгө карата KOICA программанын стипендиаттарынын 4-тобу түзүлдү.