Бишкекте мамлекеттик башкарууну санариптештирүүнүн келечектүүлүгү каралды

Мамлекеттик кадр кызматы Интернет саясаты жарандык демилгеси жана Астана хабы менен биргеликте Бишкек шаарында “Санариптешкен өлкө  туруктуу өнүгүүнүн өзөгү” аталышында семинар өткөрүштү.

 “Санариптешкен өлкө туруктуу өнүгүүнүн өзөгү” семинары “Электрондук өкмөттү өнүктүрүү жаатында практиктер альянсынын” алкагында өттү. Аталган альянс электрондук өкмөттү түзүүдө тажрыйба алмашууга эң сонун аянтча.

Заман талабына ылайык 2018-жылы “Электрондук өкмөттү өнүктүрүү жаатында практиктер альянсы” түзүлгөн.  Альянс – II нин катышуучулары Армения, Азербайжан, Эстония, Грузия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан болуп эсептелет.

Иш-чарада Альянска кирген өлкөлөрдүн мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жаатында киргизилген жаңы технологияларынын жыйынтыгы көрсөтүлдү. Дүйнөдө санариптештирүү тажрыйбасынын күңгөй-тескейи да бар. Андыктан электрондук өкмөт түзүүдө электрондук өкмөттү жана санариптештирүүнү киргизүү методикаларынын оң жана терс жактарын да эске алуу керек.

КРдин Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек Сагынбаев  КР Президентинин “2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” Жарлыгына ылайык, учурда Кыргызстанда мамлекеттик органдардын ишмердигин санариптештирүүдө жана тиричиликтин ар кыл чөйрөсүндө алдыңкы санариптешкен технологияларды киргизүүдө комплекстүү иштер жасалып жатканын белгиледи.

Ошодой эле семинарга Астана хабы мамлекеттик кызматынын Башкаруучу комитетинин Төрагасынын кеңешчиси Канат Кадырбеков, “Интернет саясаты жарандык демилгеси” коомдук фондунун директору Таттуу Мамбеталиева, КРдин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары  Кубанычбек Шатемиров,  санарип маселелери жана электрондук өкмөт жаатындагы эларалык эксперттер катышты.