Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат Кеңешинин отуруму болду

Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин отурумунда КРдин Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчылыгына - мамлекеттик админстративдик жогорку  кызмат болгон бош орунга аңгемелешүү болду. КРдин мыйзамына ылайык аталган кызматтык орунга сынак жарыяланган.

Сынакка 15 каалоочунун ичинен 11 талапкер тандалып алынган.

2019-жылдын 17-июлунда тестирлөө жүргүзүлүп, практикалык тапшырмалар берилген. Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен практикалык тапшырма берүү этабына 7 талапкер өткөн. Бул жыйында тандалган талапкерлер менен аңгемелешүү болду. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгында Кеңештин мүчөлөрүнүн чечими менен КРдин Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчылыгына Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич сунушталды.

КРдин «мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат тууралуу» мыйзамынын 8-беренесине ылайык, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын статс-катчысы Кеңештин сунушу жана мамлекеттик органдын жетекчилигинин макулдугу менен 5 жумуш күнү аралыгында  өкмөт башчысы тарабынан дайындалат.

Кеңештин отурумунда мамлекеттик органдарда статс-катчыларды ротациялоо маселеси талкууланды. Тактап айтканда, Каржы министрлигинин статс-катчысы Ж.Б.Нурматованы КР Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчылыгына, аталган кызматта статс-катчы болуп келген А.А.Шамшиевди Каржы министрлигинин статс-катчылыгына ротациялоо каралды.

Андан тышкары отурумда МККнын Улуттук кадр резерви тууралуу маалыматы угулуп, 2020-2025-жылдарга карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү планы талкууланды.