Алмаз Асанов статс-катчылыкка Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин токтому менен Алмаз Асанов мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчылыгына   сунушталды

Мамлекеттик жарандык кызмат  жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш  тарабынан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысынын бош  ордуна сынак жарыяланган.

Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысынын бош ордуна сынак  Улуттук кадрлар резервиндеги адамдар арасында жүргүзүлгөн.

Бүгүнкү күндө жогорку административдик кызматтарга Улуттук кадрлар резервинде 32 резервист бар. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчылыгына  резервде турган 5 адам ат салышты:

- Асанов Алмаз Ашыркулович;

- Бакаев Азат Джумгалбекович;

- Бахавадинов Эрмек Ибрагимович;

- Өмүрзаков Мыктыбек Жаныбекович;

- Хусаинова Мехрибон Аблезовна.

Резервисттер үчүн статс-катчынын кызматына сынак финалдык этаптан- полиграфтан алдын-ала тестирлөөдөн өтүү менен маектешүүдөн  башталат.

Мамлекеттик жарандык кызмат боюнча кеңеш тарабынан аталган кызматка Алмаз Асановду сунуштоо боюнча чечим кабыл алынды.

«Мамлекеттик жана жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамга  ылайык, аткаруу бийлиги органдарындагы  статс-катчы Кеңештин сунушу  боюнча, мамлекеттик органдын  жетекчисинин макулудугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан  дайындалат.