Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Б.Э. Сагынбаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Өзгөчө жана Толук Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэки Маэда мырза менен жолугушту

2019-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Б.Э. Сагынбаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэки Маэда мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык абалын жана бул кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшүн талкуулашты. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматта адам ресурстарынын дараметин жогорулатуу боюнча актуалдуу маселелерди талкууга алышты.

МККнын директорунун милдетин аткаруучу Б.Э. Сагынбаев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына Япониянын алдыңкы университеттеринде магистратуранын программалары боюнча окутууга жана япон элинин бай маданияты менен таанышууга мүмкүндүк бергендиги үчүн япон элине жана Япониянын Өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар белгилегендей, “Кадрларды даярдоо үчүн стипендияларды берүү (JDS)” долбоордун чегинде окутулган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө маанилүү салым кошуп жатат.

Б.Э. Сагынбаев: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Япония Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын кадрларын даярдоо чөйрөсүндөгү жардамын жогору баалайт, бул жардам Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт” деп кошумчалады.