Ош шаарында Эл аралык жумуш жарманкеси өткөрүлдү

2019-жылдын 18-декабрь күнү Ош Мамлекеттик Университетинин Чоң жыйындар залында республикалык деңгээлде Эл аралык жумуш жарманкеси өткөрүлдү. Жарманкеге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык Өкүлчүлүгү атайын көргөзмө баннер даярдап, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарындагы жана Ош шаарындагы бош административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундары тууралуу жарыялар боюнча маалымат беришти.

Ошондой эле жарманкеде Өкүлчүлүктүн кызматчылары тарабынан катышуучуларга бош кызмат орундары тууралуу, кызматка кирүү жана кызматты өтөө тууралуу маалымат менен бөлүшүп, “ММКызмат” гезити да таркатылды.