Кайтып келген стипендиаттардын «Кадрларды даярдоо үчүн стипендияларды берүү (JDS)» долбоору боюнча Башкаруучу комиссиянын мүчөлөрү менен отчеттук жолугушуусу өттү

2020-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Б.Э. Сагынбаевдин төрагалыгы менен, кайтып келген стипендиаттардын (11-топ) «Кадрларды даярдоо үчүн стипендияларды берүү (JDS)» долбоору боюнча Башкаруучу комиссиянын мүчөлөрү менен отчеттук жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө JDS долбоорунун стипендиаттары Япониядагы окуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетторун жана диссертациялык эмгектерин көрсөтүштү.

Директордун милдетин аткаруучу Б.Э. Сагынбаев 11-топтун баардык стипендиаттарын Япониядагы окууну ийгиликтүү аяктагандыгы жана Ата-Мекенине кайтып келгендиги менен куттуктап, «Кадрларды даярдоо үчүн стипендияларды берүү (JDS)» долбоору аркылуу JDS долбоорунун стипендиаттары татыктуу билим алып, Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө маанилүү салым кошуп жаткандыгын баса белгиледи.

Жолугушууга Япониянын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси МАЭДА Сигэки, JICAнын (Япониянын Эл аралык кызматташтык борборунун) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Нэмото Наюки, Башкаруучу комиссиянын мүчөлөрү жана япон тарабынын байкоочулары катышты.