JDS долбоорунун алкагында эки тараптуу баарлашуу болуп өттү

10-марттан 12-мартка чейин JDS долбоорунун алкагында башкаруучу  комиссия жана талапкерлер ортосунда ар тараптуу баарлашуу болуп өттү. JDS долбоорунун максаты жана приоритеттүү багыты болуп мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге Жапониянын алдыңкы университеттеринен магистрдик билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат. Андыктан, JDS долбоору Кыргызстан жана Жапониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелеринин өнүгүшүнө дем берет.

Эки тараптуу баарлашууда башкаруучу комиссиянын теңтөрагасы  катары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директордун милдетин аткаруучусу Бакытбек Сагынбаев жана Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда болуп саналат.

Жапон мамлекетинде окууга квота алуу боюнча баарлашуу  учурунда квота алуу боюнча талапкерлер башкаруучу комиссиянын мүчөлөрүнө өздөрүнүн англис тилин эркин сүйлөөдөгү жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, өздөрүнүн келечектеги максаттары жана пландары менен ой бөлүшүштү.

 

 МААЛЫМ КАТ: Бүгүнкү күндө JDS долбоору алгылыктуу жүзөгө ашып келет. Бир топ фактыларды мисал катары алсак, JDS долбоору түзүлгөндөн бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин курамынан түзүлгөн 13 стипендиаттардын тобу Жапониядан билим алуусун улантышты. Алардын арасынан 171 стипендиат өздөрүнүн диссертацияларын жакташып, магистрдик даражасын алгандан соң Кыргызстанга кайтып келишти, 34 стипендиат учурда Жапониядан билим алуусун улантууда.