Жапониянын алдыңкы окуу жайларына стипендиаттарды тандоонун жыйынтыктоочу отуруму өттү

17-мартта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында JDS долбоорунун алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге Жапониянын алдыңкы окуу жайларынан (магистр) окууга квота бөлүп берүү боюнча башкаруучу комиссиянын жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү. Башкаруучу комиссиянын отурумунда стипендиаттардын билими жогорку деңгээлде бааланып, долбоордун мындан наркы перспективалары талкууланды.

Башкаруучу комиссиянын отурумунда төрагалык милдетти Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директордун милдетин аткаруучусу Бакытбек Сагынбаев менен Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда аткарышты.

 

МААЛЫМ КАТ: Бүгүнкү күндө JDS долбоору алгылыктуу жүзөгө ашып келет. Бир топ фактыларды мисал катары алсак, JDS долбоору түзүлгөндөн бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин курамынан түзүлгөн 13 стипендиаттардын тобу Жапониядан билим алуусун улантышты. Алардын арасынан 171 стипендиат өздөрүнүн диссертацияларын жакташып, магистрдик даражасын алгандан соң Кыргызстанга кайтып келишти, 34 стипендиат учурда Жапониядан билим алуусун улантууда.