Мамлекеттик кадр кызматында "Сынак-Тестирлөөнүн" бет ачары болуп өттү

2020-жылдын 27-майында саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” Мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери тарабынан “Сынак-Тестирлөө” Автоматтык маалыматтык системанын жаңы иштелип чыккан системасынын бет ачары өткөрүлдү. Бет ачардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлери тестирлөөнү сыноо максатында тестирлөөгө катышышты. Тестирлөө ийгиликтүү өттү.