Абдулазим Курманов Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары кызматына Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругуна ылайык, Курманов Абдулазим Айдарович дайындалды.

 

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары кызматын аркалап келген Калыбек Алышбаев Кыргыз Республикасынын Президенти  кол койгон буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 2-бөлүгүнүн, 47-беренесине ылайык, ошондой эле башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары кызматынан бошотулду.

 

Мамлекеттик кадр кызматынын буйругу менен Калыбек Алышбаев директордун кеңешчиси кызматына дайындалды.

 

Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун жаңы дайындалган орун басары А.Курмановду МКК Аппаратына Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев тааныштырды.