Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү

2020-жылдын 16-июнунда Мамлекеттик кадр кызматында Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумдун күн тартибин эки маселе түздү. Алар:

  • Статс-катчылардын ишин баалоо;
  • КР айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жай жана мелиорация министрлигинин жана КР Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин статс-катчылыгына талапкерлер менен аңгемелешүү.

Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча Кеңеш:

 

  • Бахавидинов Эрмек Ибрагимовичти КР айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жай жана мелиорация министрилигинин статс-катчылыгына;
  • Бопушева Жылдыз Жоробековнаны КР жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчылыгына сунуштады.

 

      Мамлекеттик органдын статс-катчысынын ишин баалоо Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунициипалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына Мамлекеттик органдын статс-катчысынын ишин баалоо методикасына ылайык, Кеңеш тарабынан жыл сайын жүргүзүлөт.

 

       Кеңештин 2020-жылдын 16-июнундагы жыйынында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын статс-катчыларынын 2019-жыл ичиндеги рейтинги аныкталып, натыйжада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы А.А.Мамыркалиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Ж.А.Ташиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Н.А.Бардинова (азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы) эң мыкты статс-катчылар деп табылды.

 

     Баалоонун жыйынтыгы менен “Эң жакшы” “Жакшы” баа алган мамлекеттик органдардын статс-катчыларына мыйзамдарда каралган тартипте класстык чендерди (атайын наамды) ыйгару, сыйлоого көрсөтүү, эмгек акы төлөө торчосунда кийинки кадамга (коэффициентке) өтөрүү боюнча сунуштар КР Өкмөтүнө, министрликтерге, ведомстволорго жөнөтүлдү.