Эрмек Бахавидинов: " Улуттук кадрлар резерви мамлекеттик жана муниципалдык кызматка татыктуу, жогорку билимдүү жана кесипкөй кадрлар менен камсыз кылууда өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтө алды"

Эрмек Бахавидинов – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы

 

- Эрмек Ибрагимович, айта кетсез, сиз кантип жана качан УРК катарын толуктап калдыныз?

 

- Мен негизи Улуттук кадрлар резервинде эки категория боюнча каттоодо болгом. 2018-жылы башкы административдик кызмат категориясына катталсам, 2019-жылы жогорку административдик кызмат категориясына катталдым.

 

- Сиздин оюңузча, УКР мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына жогорку квалификациялуу жана кесипкөй кадрларды тартууда өзүнүн миссиясын аткарып жатабы?

 

- Толук түрдө аткарып жатат. Мисалы, менин практикамда УКР өзүнүн зарылдыгын көрсөтө алды. УКР мамлекеттик жана муниципалдык кызматка татыктуу, жогорку билимдуу жана кесипкөй кадрлар менен камсыз кылууда өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтө алды. Кадрдык саясатты реформалоодо албетте УКР институтунун бар болушу эң туура кадам. Андыктан, УКР Мамлекеттик кадр кызматынын ишмердүүлүгүндө да маанилүү ролду ойнойт. Бир сөз менен айтканда УКР «кесипкөй кадрларды даярдоочу мектеп» деп айтсам жаңылбайм.

Жылдыз Бопушева – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт Мамлекеттик агентигинин статс-катчысы

 

- Жылдыз Жоробековна, сиз УКР кайсы мезгилден бери катарын толуктап келесиз?

 

- Мен эки жылдан бери УКР курамында болдум. Тандоочу конкурс аркылуу биринчилерден болуп УКР катарын толуктадым. Буга чейин бир да конкурска катышкан эмесмин. Бирок, көптөгөн сунуштар түшүп жаткан. Көп жылдан бери Өкмөткө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик агенттигинде эмгектенгениме байланыштуу ушул мамлекеттик органда эле жогорку административдик кызматка вакансия чыкса конкурска катышам деп чечтим.

 

- Сиздин пикириниз боюнча УКР иш жүзүндө өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтүп жатабы?

 

- Менимче УКР бар болушу керек. Себеби, УКР алкагында конкурс жөнөкөй конкурстарга салыштырганда татаалыраак болот. УКР мамлекеттик жана муниципалдык органдарга дал ушул кадр жаатында көмөк көрсөтөт. Маселен, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына татыктуу, кесипкөй, өз ишин мыкты билген кадрлар менен камсыз кылууда УКР маанилүү ролду ойнойт. Андыктан, УКР системасын бекемдөө зарыл. Кадрлардын интеллектуалдык потенциалын бекемдөөдө да УКР пайдасы эбегейсиз чоң.