Түштүк Кореядагы магистрдик программага кабыл алуунун төртүнчү айлампасы жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы Офиси (KOICA) менен биргеликте, мамлекеттик/муниципалдык кызматчыларына жана мамлекеттик сектордун кызматчыларына «KOICA Стипендиялык программа 2020» программанын алкагында магистрдик программага кабыл алууну жарыялайт.

Стипендиялык программанын максаты Кыргыз Республикасынын адам ресурстарын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү болуп эсептелинет.

Окутуу төмөнкү тармак боюнча жүргүзүлөт: "Мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик сектордогу реформалар".

Программанын негизги талаптары – жогорку билимге ээ болуу, англис тилин жакшы денгээлде билүү, мамлекеттик/муниципалдык кызматта/мамлекеттик сектордо эки жылдан кем эмес иш стажына ээ болуу (документтерди тапшыруу учурунда), 40 жылдан ашык эмес курак (абзел).

Документтерди 2020-жылдын 21 июлуна чейин алып келүүнүздөрдү суранабыз. Биздин дарек: Бишкек ш., Чүй пр., 122, 304-кабинет.

Кеңири маалымат жана заявкалардын формалары МККнын сайтында жайгаштырылган: www.mkk.gov.kg (Бөлүм «Мамлекеттик кадр кызматы - Ишмердик - Кызматкерлерди окутуу»).

Маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге чалыңыздар:

1) (0312) 620431, 620315- Шамиль, Мээримбек, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы;
2) (0312) 979402- Анара, KOICAнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү.