«Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери, жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы социалдык-экономикалык пландоодогу жаңы ыкмалар” темасы боюнча онлайн-тренинг өттү

     2020-жылдын 10-сентябрында КРдин Мамлекеттик кадр кызматында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери, жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы социалдык-экономикалык пландоодогу жаңы ыкмалар” темасы боюнча онлайн-тренинг өттү. Аталган тренинг Ханнс Зайдель Фонду менен биргеликте өткөрүлдү. Тренинге Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азия боюнча өкүлү (штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашкан) Доктор Макс Георг Майер, КРдин Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский, КРдин Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын өкүлдөрү жана бир катар мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышышты.

     Covid-19 коронавирустук инфекциянын жайылып кетүү коркунучун эске алуу менен аталган тренинг онлайн тартибинде өттү. Тренер катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы эксперт-аналитик Асылбек Чекиров тренинге катышты.

    Онлайн-тренингди Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азия боюнча өкүлү  (штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашкан) Доктор Макс Георг Майер ачып, мамлекеттик тилде сүйлөп, онлайн-тренингдин катышуучуларынын алкышына татыды. Андан кийин, саламдашуу менен КРдин Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский жана КРдин Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын өкүлү сөз сүйлөштү.

    Тренер Асылбек Чекиров өзүнүн презентациясын тартуулап, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы социалдык-экономикалык пландоонун жаңы ыкмаларына басым жасалды. Презентациядан соң, онлайн-тренингдин катышуучулары презентацияны талкулоого өтүштү. Талкулоо учурунда, онлайн-тренингдин катышуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндөгү пландоо жаатындагы жаңы ыкмалар айтылган пункттарды карап чыгышты.

   Презентация учурунда, тренер А.Чекиров тренингдин катышуучуларына “Маалымат менен отчеттун айырмасы кандай?” деген өңүттө суроосун узатып, суроо кызуу талкууну жаратты. Отчет - чечим үчүн, маалымат – кабар үчүн деген жыйынтыкка келишти катышуучулар.

   Онлайн-трениг жыйынтыкталып жатып, онланй-тренингдин катышуучулары бири-бирине жакшы каалоо-тилектер айтуу менен тренинг жыйынтыкталды.