Кыргыз Республикасындагы кадрларды даярдоо үчүн (JDS) стипендияларды ыйгаруу боюнча Долбоордун жапон гранттык жардам Программасы боюнча Жетектөөчү комиссиянын алгачкы отуруму өткөрүлдү

   2020-жылдын 10-сентябрында  КРдин Мамлекеттик кадр кызматында Кыргыз Республикасынын кадрларды даярдоо үчүн (JDS) стипендияларды ыйгаруу боюнча Долбоордун жапон гранттык жардам Программасы боюнча Жетектөөчү комиссиянын алгачкы отуруму өткөрүлдү.

    Отурум Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарымдуу Элчиси Сигэки Маэда жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинскийдин    төрагалыгынын алдында өттү. Отурумга мындан тышкары JICА Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү жана бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты.

    О.Тарбинский JDS долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырууда кошкон зор салым үчүн JDS, JICA Кыргыз Республикасындагы кеңселерине жана жапон өнөктөштөргө терең ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Мам.кадр кызматынын башчысынын орун басары Жетектөөчү комиссиянын биргелешкен аракеттердин жыйынтыгы менен JDS долбоору ишке киргизилгенден бери 240 кызматчыдан турган 14 группа Жапонияга окууга жөнөтүлгөндүгүн жана Жетектөөчү комиссиянын JDS Долбоорунун 2020-21 жж. карата жигердүү ишке ашарына ишеничи арбын экендигин отурум учурунда билдирди.

    Ал эми Жетектөөчү комиссиянын теңтөрагасы, элчи Сигэки Маэда өзүнүн сөзүндө аймактарды өнүктүрүүгө басым жасап, долбоорго аймактардагы, алыскы жер-жерлердеги жаш, акылдуу кадрларды долбоорго тартуу ниетин билдирди. Жапон тарап алардын өсүп, калыптанышына болгон жардамын берерин да элчи мырза билдире кетти.

    Отурумдун жыйынтыгы менен 2020-2022 жж. JDS программасынын алкагында Жапонияга окуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасынан тандоону жарыялоо чечими кабыл алынды.

     Аталган программа Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине Жапониянын университеттеринен магистр даражасын алууга шарт түзөт.

     Документтерди кабыл алуу 2020-жылдын 14-сентябрынан 6-ноябрына чейин жүргүзүлөт.

    Дагы толукталган маалымат кошумча кийинчирек айтылат.

COVID-19 коронавирустук инфекцияны жайылтпоо максатында отурум онлайн форматында өттү.