Мамлекеттик кадр кызматын Абдырахман Маматалиев жетектейт

         Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун 2020-жылдын 22-октябрындагы Буйругуна ылайык Маматалиев Абдырахман Мадакимович Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалды.

         Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү Мамлекеттик кадр кызматынын эмгек жамаатына Абдырахман Маматалиевди жаңы директор катары тааныштырышты.

 

         КР МКК басма-сөз кызматы