Мамлекеттик кадр кызматы жана Бажы кызматы өз ара кызматташуу Планын бекитти

Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы К.Семетеевдин жолугушуусу болуп өттү.  Жолугушууда Өкмөттүн кыска мөөнөттүү иш-аракеттер планын жүзөөгө ашыруу, жана Премьер-министр С.Жапаров койгон мамлекеттик бажы кызматындагы кадрдык саясатты кайра  карап чыгуу, анын ичинде учурдагы кадр тандоо, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу сыяктуу маселелер талкууланды.

Жолугушуунун негизги өзөгүн Мамлекеттик бажы кызматына кадр тандоодогу коррупцияга бөгөт коюу маселеси түздү. Мындан ары бажы органдарынын тышкы кадрлар резервиндеги талапкерлер мамлекеттик кызматка тиешелүү суроолор боюнча тестирлөөнү Мамлекеттик кадр кызматынын жана аймактык тестирлөө борборлорунда ал эми бажы маселеси боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын окуу борборунда өткөрүлөт.  

Коррупция коркунучу жогору кызмат орундарына кадр тандоодо Мамлекеттик кадр кызматында полиграф тестирлөө өткөрүлөт.

Ошондой эле бажы органдарына кадр тандоо тутумун тескөө үчүн тиешелүү мыйзамдарга жана Ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү пландалууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын конкурсттук комиссиянын курамын жаңыртуу чечими кабыл алынды. Ал комиссияга Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү, жарандардын ишеничине ээ болгон эмгектин ардагерлери, прогрессивдүү жаштардын өкүлү, кадыр-барктуу серепчилер жана жарандык активистер кирет.

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин  аттестациялоо пландалууда. Аттестациялык комиссиянын курамына Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү да кирет.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен КР Мамлекеттик кадр кызматы менен КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өз ара кызматташуу планы бекитилди. Ошондой эле  Планды жүзөөгө ашыруу максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Ал жумушчу топко Планды жүзөөгө ашыруудагы көзөмөл, бажы кызматындагы болуп жаткан өзгөрүүлөргө туруктуу мониторинг жүргүзүү жана анализдөө милдеттери жүктөлдү.