Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев иш-сапар менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында болду

2020-жылдын 24-ноябрында Балыкчы шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратын ачуу аземи болуп өттү.  Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев катышты. Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев ачылыш аземи учурунда өкүлчүлүктүн учурдагы жүргүзүп жаткан иштери жана кызматкерлеринин кызмат шарты менен жеринен таанышты.

Мамлекеттик кадр кызматынын Түндүк аймактык өкүлчүлүктүн жетекчиси Н.Алдаяров Мамлекеттик кадр кызматынын директоруна тестирлөө борборунун филиалдары тууралуу кеңири маалымат берип, Балыкчыдагы тестирлөө филиалынын азыркы абалы менен тааныштырды.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын Түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен болгон жолугушуу учурунда Мамлекеттик кадр кызматына жүктөлгөн милдеттер жөнүндө айтып берди. Анын ичинде Мамлекеттик кадр кызматын жана аймактык өкүлчүлүктөрдү реформалоо, кадр тандоодогу, окутуудагы, жаш кадрларды жетекчилик кызматтарга даярдоодогу бир катар  тапшырмалар тууралуу айтып берди. Мындан ары мамлекеттик жана муниципалдык кызматка келүүдө талапкерлерге бирдей шарт түзүлөт. Улуттук жана ички кадрлар резервинин сапатын жакшыртуу, Карьералык кадрлар резервин түзүүдөгү тапшырмалар тууралуу да директор А.Маматалиев өкүлчүлүктүн кызматкерлерине айтып берди. Ошондой эле Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев өкүлчүлүктүн кызматкерлерине кадрларды тандоо багытындагы Ченемдик укуктук актыларга кандай өзгөртүүлөр кирип жаткандыгы боюнча да маалымат берди.

Жолугушуунун аягында А.Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын Түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта болуу тапшырмасын коюп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка активдүү, демилгелүү жаштарды, ошол эле учурда жогорку деңгээлдеги билимдүү адистерди тартуу зарылдыгын билдирди.

Маалымат үчүн: Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча үч шаарда (Балыкчы, Нарын, Каракол) тестирлөө борборунун филиалдары иштейт. Конкурсттук комиссияларда документтери кабыл алынган бардык талапкерлер географиялык жайгашкан ордуна карата аталган шаарлардагы тестирлөө борборунун филиалдарында негизги жана предметтик тесттерди тапшыруу үчүн жиберилет. Мындан ары да Түндүк аймактык өкүлчүлүк өзүнүн иш аракетин иштеп жаткан кадрлардын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланып, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын коом менен өз ара байланышын күчөтүү үчүн жумшай берет.