Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиевдин телекөрсөтүү жана радиоуктуруу тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосу

 

 

 

                                                Урматтуу телекөрсөтүү жана радиоуктуруу тармагынын кызматкерлери!

 

Сиздерди 8-декабрь телекөрсөтүү жана радиоуктуруу тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын эмгек жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Өлкөбүздүн демократиялык өсүп-өнүгүшүндө сиздердин салымыңыздар баа жеткис. Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер, изденүүңүздөр, ыкчамдуу иштөөңүздөр жана жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүңүздөр кыргыз мамлекетинин массалык маалымат каражатынын пайдубалын бекемдеп келе жатат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы сиздер менен мындан ары да кызматташтыгын бекемдейт деп толугу менен ишендирип кете алам. Жаңы демилгелерибизди, саамалыктарыбызды өз убагында сиздерге маалымдап, сиздер аркылуу калың журтка кеңири маалымат жеткирилет деген ишенимим зор.

Сиздердин жалпы эмгек жамаатына чың ден соолук, узун өмүр, чыгармачылык эргүү жана кызыктуу ишиңиздерге ийгилик каалайм!

        

 

Урматтоом менен,

Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик кадр кызматынын

директору                                                                               А.М.Маматалиев