Мамлекеттик кадр кызматы күн чыгыш өлкөсү менен кызматташтыгын бекемдейт

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда мырза менен жолугушту. Жолугушуунун башында, Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев сыйлуу конокту жылуу кабыл алып, Жапония Кыргызстан үчүн, анын ичинде Мамлекеттик кадр кызматы үчүн баа жеткис, маанилүү өнөктөш өлкө экендигин билдирди.

А. Маматалиев өзүнүн киришүү сөзүндө Жапониянын Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында магистрдик окутууларды уюштурууда, JDS өңдүү ири долбоор жүзөөгө ашырууда көрсөтүп келе жаткан көмөгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Жапония биз үчүн жакын, дос мамлекет. Жапониянын JDS долбоорунун жардамы менен Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери Жапониядан кошумча билим алышып, квалификацияларын жогорулатып келишет.  Мен ойлойм JDS долбоору узак мөөнөткө иштеш керек. Долбоорду мындан ары жүзөөгө ашыруу алкагында бизге жүктөлгөн бардык милдеттенмелерди аткарабыз”,- деди А.Маматалиев сүйлөгөн сөзүндө.

 Өз кезегинде Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда мырза Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Мен Сиз менен болгон жолугушуумдун эки жакшы себеби бар. Биринчиси, Сизди Мамлекеттик кадр кызматына директор болуп дайындалышыңыз менен куттуктоо. Экинчиси мен жакында Кыргызстандын белгилүү журналисти Жамбы Жусубалиева менен баарлашкам. Баарлашуу учурунда мен ага “Кыргызстандагы эң кесипкөй, алдыңкы мамлекеттик ишмерлерди, саясатчыларды атап бериңизчи деген суроомо жооп катары Сизди атады. Сиз менен маңдай-тескей олтуруп, баарлашып жатканыма кубанычтамын. Кызматташтык боюнча айтсам, Жапония тарап мындан ары да Кыргызстан менен, анын ичинде Мамлекеттик кадр кызматы менен мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерди окутуудагы кызматташтыгын бекемдейт. Белгилей кетчү жагдай, буга чейин Жапонияда билим алган мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин дээрлик бардыгы борбордук аппараттарда иштеген кызматкерлер экен. Мындан ары биз басымды аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине жасасак. Аларга JDS өңдүү долбоор аркылуу кошумча билим алууга шарт түзүп берсек”,- деди элчи мырза өз сөзүндө.

Жолугушуунун аягында Мамлекеттик кадр кызматынын директору А. Маматалиев Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда мырзага Манас эпосунун англис тилине которулган китебин белекке берди.

 

Маалымат үчүн: Жапония Мамлекеттик кадр кызматынын жакын өнөктөштөрүнүн бири. JDS,  долбоору ага далил. JDS долбоору 2006-жылдан бери ийгиликтүү жүзөөгө ашып келет. 14 жыл ичинде долбоор аркылуу Кыргызстандан 210 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер Жапонияга барып, өз билим деңгээлдерин өркүндөтүп келишти. Азыркы учурда, долбоор аркылуу 18 кызматкер магистратура, 2 кызматкер докторантура багыттары боюнча кошумча билим алышууда.