Бегимай Хусейновна кесипкөйлүктүн, адамгерчиликтин жана боорукердиктин белгиси эле

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы орду толгус жоготууга учурады. 2021-жылдын 2-февралында КР Мамлекеттик кадр кызматынын Тестирлөө борборунун эксперт-полиграфологу, мекеменин эң алдыңкы, мыкты кызматкерлердин сап башында турган Бегимай Сасманова 35 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Бегимай Хусейновна аз бирок саз жашады. Сапаттуу билим алуу менен бирге чет мамлекетте да окуп, квалификациясын жогорулатты. Өз ишинде болсо жоопкерчиликтин жана кесипкөйлүктүн жогорку деңгээлин көрсөтө алды. Ал ар дайым өзүнүн кесиптештерине кеп кеңешин аяган эмес. Ар дайым жардам берип, кадрларды тандоо тутумун жакшыртууга багытталган бир топ демилгелерди сунуштаган. Биз мыкты адис жана жакын досубуздан айрылдык.

Сасманова Бегимай Хусейновна 1986-жылдын 12-августа Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында жарык дүйнөгө келген. 2009-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаса, 2015-жылы КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясын аяктады (магистратура). Б.Сасманова эмгек жолун 2008-жылы эмгек, иш менен камсыздоо жана миграция Министрлигинде жетектөөчү адис – уюштуруучу психолог кызматында баштаган. Дал ушул 2008-жылдан баштап ал бүт калган өмүрүн мамлекеттик кызматка арнайт. Мамлекеттик кадр кызматында Бегимай Сасманова 2013-жылдан баштап эмгектенет. 2019-жылдын 18-июлунан тарта Тестирлөө борборунун эксперт-полиграфологу кызматын аркалап келген.

Бегимай Сасманова жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгү үчүн КР Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы жана 2020-жылдын августунда “Мамлекеттик кызматтын отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

Анын кыска өмүрү байсалдуу өттү. Бегимай бул дүйнөдөн өттү деген суук кабар бардыгыбызды терең кайгыга алып келди. Азыр биздин сай сөөгүбүз сыздап турат. Анын жаркын элеси, өзүнө абдан жарашкан жүзүндөгү жылмаюсу менен жалпыбыздын жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

КР Мамлекеттик кадр кызматынын жалпы эмгек жамааты Бегимай Сасманованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бегимайдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.