КР Мамлекеттик кадр кызматы мындан ары да KOICA менен өз ара кызматташтыгын бекемдейт

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев 2021-жылдын 3-февралында Түштүк Корея Республикасынын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Жетекчиси О Донггиль мырзаны Кыргызстандагы миссиясы аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушуунун башында КР Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси А.Маматалиев О Донггиль мырзанын кыргыз-корей кызматташтыгына кошкон зор салымын белгилеп, кыргыз тарап, анын ичинде КР Мамлекеттик кадр кызматы мындан ары да Түштүк Корея Республикасынын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен кызматташтыгын бекемдей тургандыгын билдирди.

“Урматтуу О Донггиль мырза! Мамлекеттик кадр кызматына кош келипсиз! Сиз менен таанышып жаткандыгым үчүн абдан кубанычтамын. Тилекке каршы, Covid-19 пандемиясы үчүн киргизилген бир катар чектөөлөргө байланышту сиз менен мурда жолугушкан жокбуз. Алгач, Сизге жана KOICAнын Бишкектеги кеңсесине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тутумунун кадрдык потенциалын бекемдөөгө кошкон зор салым үчүн терең ыраазычылык билдирем. Ошол эле мезгилде Мамлекеттик кадр кызматы KOICAнын Кыргыз Республикасындагы Кеңсеси менен мындан ары да кызматташтыгынын өнүгүүшүнө өзгөчө маани берет”, - деди А.Маматалиев жолугушуу учурунда.

Өз кезегинде О Донггиль мырза да Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн жана Корея тарап менен болгон кызматташууга кызыктар экендигине ыраазычылыгын билдирди. Жолугушуунун аягында Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев сыйлуу конокко англис тилине которулуп, басылып чыккан өткөн доордун даанышман ойчулу Жусуп Баласагындын “Куттуу Билим” китебин жана КР Мамлекеттик кадр кызматынын ыраазычылык катын тапшырды.

 

КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы