КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев: “Жергиликтүү бийлик күчтүү болсо, борбордук бийлик да күчтүү болот”

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы 2021-жылдын 18-февралында республикабыздын бардык аймактарынан келген 96 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына (айыл өкмөт башчылар, шаар башчылар) муниципалдык кызматтын 1-2-3 класстагы кеңешчиси класстык чендеринин күбөлүктөрүн ыйгарды. Ыйгаруу салтанатына КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев катышты.

Салтанаттын башында сөз сүйлөгөн Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын класстык чен алуусу менен куттуктап, мамлекетке ак кызмат кылууга чакырды. “Муниципалдык кызматка алууда эми кадрдын билим деңгээлине, таза репутациясына жана кесипкөйлүгүнө өзгөчө көңүл бурулат. Мурдагыдай тааныш-билиш, тигил же бул партияга таандыгы бар кадрларды муниципалдык жооптуу кызматтарга дайындоого бөгөт коюлат. Муниципалдык кызматка таза, иш билген, кесипкөй кадрлар керек”, - деди А.Маматалиев сүйлөгөн сөзүндө.

Андан тышкары, Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жакында эле КР Президенти С.Жапаровдун “Жаңы мамлекеттик кадрдык саясат жөнүндө” чыккан Жарлыгы боюнча кеңири маалымат берди. “Жергиликтүү бийлик күчтүү болуш керек. Жергиликтүү бийлик күчтүү болсо, борбордук бийлик да күчтүү болот. Азыр жергиликтүү бийликти чыңдоо боюнча мамлекеттик саясат жүрүп жатат. Сиздерге көп ыйгарым-укук берилет. Ошондуктан мен сиздерди мамлекетибизге ак кызмат өтөөгө, ишке жооптуу мамиле жасоого, абийириңиздерди таза сактоого чакырам”, - деди А.Маматалиев.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына 1-2-3 класстагы муниципалдык кызматтын кеңешчиси  класстык чендеринин күбөлүктөрүн КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев менен КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер Мамлекеттик агенттигинин директору Б.Салиев тапшырды. Тапшыруу салтанатынан соң, КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары О.Тарбинский жаңы мамлекеттик кардык саясат боюнча кеңири маалымат берди.

КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы