Мамлекеттик кадр кызматынын жамааты ишембиликке чыгышты

Жалпы шаардык ишембилик жараянынын алкагында КР Мамлекеттик кадр кызматынын жамааты 2021-жылдын 27-мартында ишембиликке чыгышты. Ведомствонун кызматкерлери “Кыргызстан жана Орусия элдеринин достугу” бакчасын таштандылардан тазалашты. Өткөрүлүп жаткан ишембиликтин негизги максаты – борбор калаабызды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана көчөлөрдүн тазалыгын камсыз кылуу болуп саналат.

МКК кызматкерлери шаарыбыздын көркүн сактоо үчүн мындай ишембиликтерди ар дайым өткөрүп туруу зарыл экендигине маани беришип, иш жүзүндө ар ишембиликке активдүү катышып келишет.

 

КР Мамлекеттик кадр кызматынын пресс-кызматы