Аймактык кадрлар резерви жөнүндө КР Мамлекеттик кадр кызматы маалымдайт!

Үстүбүздөгү жылдын март айында Мамлекеттик кадр кызматында аймактык кадрлар резервинин (вакансиялар) конкурсунун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөө өткөрүлгөн. Жүздөн ашык адам компьютердик тестирлөөдөн жогорку упай топтоп, конкурстун кийинки этабы болгон аңгемелешүүгө катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Аңгемелешүү этабына катышуу үчүн ар бир талапкер өзүнүн районунун учурдагы абалы жана келечекте аймакты өнүктүрүүнүн программасын камтыган MS PowerPoint презентациясын даярдашат. Талапкер тарабынан даярдалган презентацияны комиссиянын мүчөлөрү дыкат изилдеп чыгып, аңгемелешүү этабы учурунда талапкердин презентациясы сөзсүз түрдө эске алынат.

Конкурстун аңгемелешүү этабынын ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында аңгемелешүү процедурасы түз эфирде КР Мамлекеттик кадр кызматынын расмий сайтында жана социалдык баракчаларында көрсөтүлөт.

Мамлекеттик кадр кызматынын пресс-кызматы аймактык кадрлар резерви боюнча жаңы маалыматтарды өз убагында калың коомчулукка маалымдап турмакчы.

 

КР Мамлекеттик кадр кызматынын пресс-кызматы