Регионалдык кадрлар резервине кирүү үчүн конкурстук тандоонун аңгемелешүү этабы Ош шаарында уланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгын жүзөөгө ашыруу максатында жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жана башчылардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине (Регионалдык резерв) киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнү улантууда.

Мурда кабарлангандай, 800дөн ашуун КР жарандары Регионалдык кадрлар резервине кирүү үчүн арыздарын беришти.

Конкурстук тандоонун биринчи этабы болгон – компьютердик тестирлөөдөн ийгиликтүү тапшырышкан талапкерлер кийинки этап болгон – аңгемелешүүгө өтүштү.

Кечээ, 2021-жылдын 18-апрелинде 61 талапкер Регионалдык кадрлар резервине киргизүү үчүн Ош шаарында өткөрүлгөн конкурстук тандоонун аңгемелешүү этабына катышышса, бүгүн, 19-апрелде 31 талапкер аңгемелешүүгө катышышты. Конкурстук комиссияны Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев жетектөөдө.

Комиссиянын курамына КР Президентик Аппаратын –  өкүлү, КР Өкмөттүк Аппаратынын – өкүлү, республикалык масштабдагы жетекчилик кызмат орундарын аркалаган, мамлекеттик жана муниципалдык органдарындагы жетекчилик кызматта үзүрлүү эмгектенген көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер – бир канча райондорду башкарган жана легендарлуу парламентинин депутаты Азим Карашев, Ноокат районун жетектеген жана башка бийлик органдарында иштеген Мырзаибрагим Жээнбеков, Баткен облусунун губернатору болгон жана башка жетекчилик кызмат орундарын аркалаган Абиш Халмурзаев өңдүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу Бирлигинин жетекчиси жана өлкөбүздүн алдыңкы серепчилери киришкен.

 Комиссия мүчөлөрүнүн баасы аңгемелешүүдө ар тараптуу калыстыкты камсыздоо алкагында жетекчи үчүн керек делген тогуз негизги компоненттер түзүшөт. Алар:

- лидерлик сапат;

- кесиптик сапат;

- ой-жүгүртүүсүн айтып берүүдөгү тактык;

- идеялардын бардыгы;

- логика;

- туруктуу мүнөз;

- туура баарлаша билгендиги;

- изденүүсү;

- жоопкерчилик.

Аңгемелешүүнүн бааларынын компоненттерин түзүүдө мыкты кадрларды тандоо жана дайындоо менен экономикалык жетишкендиктерге жетишкен Жапония, Түштүк Корея ж.б. өңдүү дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн кадр тандоодогу пайдаланылган тажрыйбасы эске алынды.

Талапкердин жалпы эрудициясы аңгемелешүү учурунда эске алынып, ар түрдүү суроолор да талапкерлерге берилүүдө.

Аңгемелешүүнүн жүрүшү  Мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан жана Фейсбук социалдык желесиндеги расмий баракчадан түз эфирде көрсөтүлүүдө.  Ар бир жаран талапкерлердин жоопторунун сапаттуулугун көрүп, тандоонун ачык-айкындуулугуна күбө болот.

Комиссия жыйынтыктоочу чечимин конкурстун аягында чыгарат жана ал чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлөт жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын  бош кызмат орундарына (вакансия) дайындоодо бул чечим эске алынат.