Мамлекеттик кадр кызматынын жамааты мамлекеттик кызматтын ардагери, МККнын Түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нуркул Алдаяровду ардактуу эс алууга узатышты

Бүгүн, 2021-жылдын 28-апрелинде КР Мамлекеттик кадр кызматында аталган мекеменин Түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, мамлекеттик кызматтын ардагери Нуркул Алдаяровду ардактуу эс алууга узатуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Нуркул Алдаяровдун мамлекеттик кызматта бай тажрыйбасы бар. Убагында жогорку жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалаган. Өзүнүн жоопкерчиликтүү, ыкчамдуу жана кесипкөй сапаттары менен жаңыдан өсүп, калыптанып келе жатышкан жаш кадрларга үлгү боло алды. Дээрлик 15 жылдан бери Мамлекеттик кадр кызматында үзүрлүү эмгектенип, өлкөбүздүн кадр саясатынын жакшыртуусунда барандуу салымы бар. Көргөзүлгөн жогорку кесипкөйлүгү үчүн 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы жана "Даңк" медалы менен сыйланган. Нуркул Алдаяровго мамлекеттик кызматтын 1-классындагы кеңешчиси чени ыйгарылган.

КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев Нуркул Алдаяровго талыкпаган эмгеги жана кадрларды тандоо тутумунун жакшыртуусуна багытталган Мамлекеттик кадр кызматынын максаттарынын жүзөөгө ашырылышына кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Сиз өзүңүздүн мээнеткечтигиңиз жана жогорку кесипкөйлүгүңүз менен биздин өлкөбүздө чоң кадыр-барка, сый-урматка ээ болдуңуз. Биз Сизди сыйлайбыз жана жасаган эмгектериңизди абдан баалайбыз. Сиз мындан ары да Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун коомдук башталышындагы кеңешчиси катары мекемебиздин ар кандай багыттагы иш-чараларына активдүү катышасыз деген ишеничтемин”,- деди А.Маматалиев Н.Алдаяровго МККнын директорунун коомдук башталышындагы кеңешчиси күбөлүгүн тапшырып жатып.

Өз кезегинде, Нуркул Алдаяров МККнын директору А.Маматалиевге жана эмгек жамаатына көрсөтүлгөн сый-урмат үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Мага көрсөтүлгөн сый-урмат үчүн МККнын жетекчилигине жана эмгек жамаатына ыраазычылыгымды билдирем. Мен көп жыл бою ар кандай жооптуу мамлекеттик кызматтарды аркаладым. Анын ичинде 15 жылымды Мамлекеттик кадр кызматына арнадым. Дал ушул Мамлекеттик кадр кызматында эң көп жыл иштедим”, - деди өз сөзүндө Нуркул Алдаяров.

Соңунда КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев Нуркул Алдаяровго бекем ден соолук каалап, мекеменин салты боюнча калпак менен чепкен кийгизип, сыйлуу белек тапшырды.

 

P.S. КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиевдин буйругуна ылайык, Нуркул Алдаяров Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун коомдук башталышындагы кеңешчиси болуп дайындалды.