Жаңы мамлекеттик кадр саясатын жүзөөгө ашыруу маселеси боюнча семинар өткөрүлдү

Кечээ, 2021-жылдын 29-апрелинде КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында жаңы мамлекеттик кадр саясатын жүзөөгө ашыруу маселеси боюнча семинар болуп өттү. Ага КР Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү, КРПМБАнын профессордук окутуучулук курамы, студенттери жана магистранттары, ошондой эле эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Семинарды КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев ачып, КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинскийге сөз берди. МККнын директорунун орун басары О.Тарбинский “Кадрларды 2021-2025 жылдар аралыгында өнүктүрүү жана түзүү” темасында презентациясы менен сөз сүйлөдү. Ал өз презентациясында КР Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы буйругун жүзөөгө ашыруудагы Мамлекеттик кадр кызматынын жасаган иштерине токтолду. Негизинен басым аталган буйрукту аткаруу үчүн МКК иштеп чыккан Стратегиясынын долбоорунун мазмунуна жасалды.

Семинарда Чүй облусунун Москва районунун акими Мирлан Карагулов да сөз сүйлөдү. Семинар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадрларды тандоо тутумун жакшыртууга багытталган маселелер боюнча талкуу жана ой-пикир алмашуу менен жыйынтыкталды.