Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү

КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында 2021-жылдын 2-июнунда “Жусуп Абдырахманов – Кыргыз Республикасынын чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмери” темасындагы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракесине утурлай Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференцияга КР Президентинин Администрациясынын жана Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын профессордук-окутуучулук курамы жана Түркия менен Казакстандан келишкен коноктор катышышты. Дүйнөдө орун алган эпидемиялык абалды эске алуу менен Орусия Федерациясынын эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат боюнча Орусиялык академиясынын проректору Андрей Марголин менен Өзбекстандын Ташкент чыгыш таануу мамлекеттик университетинин доценти Хайрулла Умаров конференциянын ишине катыша алышкан жок, бирок өздөрүнүн видео-кайрылууларын жөнөтүштү.

Эл аралык илимий-практикалык конференцияны КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору, профессор Алмаз Акматалиев ачып, өзүнүн кириш сөзүндө Жусуп Абдрахмановдун иштеген мезгилин кыргыз мамлекетинин кайрадан жандануусунун дооруна теңеди.

КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский өзүнүн кириш сөзүн сүйлөдү. Өзүнүн кириш сөзүндө Мамлекеттик кадр кызматынын башчысынын орун басары Жусуп Абдрахмановдун элдердин ынтымагынын бекемделишине, Борбор Азия айдыңында Кыргызстан мамлекетинин түзүлүүсүндө эмгеги эбегейсиз чоң экендигин билдирди. Андан тышкары, ал өз сөзүндө Жусуп Абдрахманов туура, рационалдык кадр саясатын жүргүзгөндүгүн кошумчалай кетти. Ошондой эле кадр тандоодо жана бөлүштүрүүдө Жусуп Абдрахмановдун методун эске алуу зарылчылыгына токтолду. Өз сөзүнүн соңунда О.Тарбинский конференциянын катышуучуларына азыркы тапта мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жаткан жаңы мамлекеттик кадр саясаты боюнча маалымат берди.

Конференция учурунда белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Жусуп Абдрахманов” аттуу кыска метраждуу көркөм фильминин үзүндүлөрү көрсөтүлдү. Аталган фильмдин сценарийин белгилүү журналист жана публицист Бакыт Орунбеков жазды.

Конференциянын соңунда катышуучулар Жусуп Абдрахмановдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында тиешелүү резолюциясын кабыл алышты.

 

 

КР МКК пресс-кызматы