Мамлекеттик кадр кызматы маалымдайт: Тестирлөө өткөрүүдөгү коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иштер жөнүндө

Жарандардан, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын (мындан ары - МКК) аймактык өкүлчүлүктөрүнө карата кайрылууларды кароо максатында коррупцияга каршы иштерди көзөмөлдөө иретинде, аймактык өкүлчүлүктөрдүн тестирлөө бөлүмдөрүндө комплекстүү текшерүү жүргүзүү үчүн жумушчу топ түзүлүп, 2021-жылдын апрель – май айларында жер-жеринде тиешелүү иштер  аткарылып келди. 

Жумушчу топ аймактык өкүлчүлүктөрдүн ишмердүүлүгүн текшерип, аткарган иштери менен таанышты. 

Бардык тестирлөө бөлмөлөрүндөгү видеокөзөмөл камераларынын жөндөөсү (настройка) иретке келтирилди. Борборлошуу иштери жүргүзүлүп, бардык тестирлөө бөлмөлөрүндө өткөрүлүп жаткан тестирлөө процессин көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Тестирлөө бөлмөлөрүндө бардык компьютерлеринде “аралыктан кирүү” мүмкүнчүлүгүн колдонууга чек коюулуп, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөн, маалыматтык шаймандар орнотулган.

Техникалык шаймандарга кошулуп кетүүгө бөгөт коюу боюнча да тиешелүү иштер жүргүзүлдү.