Вакансиялар Мамлекеттик органдардын
борбордук аппаратында

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Бишкек шаардык кенеш
Бөлүм: Укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмү
Кызмат орду: Адис (М-Б) - 1 бирдик
Талаптар:

Бишкек шаардык кеңеш Бишкек шаардык кеңештин аппаратындагы төмөнкү бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт:

 

Укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн адиси  (М-Б) -                        1 бирдик.

Кесиптик билим деңгээли:

-жогорку же орто кесиптик юридикалык  билим;

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

Билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Администрациялык жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Экологиялык экспертиза жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин;
  • мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №319 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө нускаманы;
  • Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңештин регламентин;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү зарыл.

Билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө.

Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды (Windows, Word, Excel, Power Point,  “Токтом Мамлекет Про” маалыматтык-укуктук системаны) колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • бош орунду көрсөтүү менен өздүк арыз;
  • 3-4 өлчөмүндөгү сүрөт менен кадр учету бою боюнча өздүк барак жана таржымал;
  • нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтар тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу тууралуу, илимий даража, илимий наам ыйгаруу тууралуу дипломдун көчүрмөсү;
  • нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтар тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин көчүрмөсү;
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын аныктаган документтин түпнускасы, конкурска документтерди берүүдө, тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • мурунку иштеген жеринен сунуш кат (мүмкүн болсо).

 

Конкурс боюнча маалыматты Бишкек шаардык кеңештин сайтынан www.gorkenesh.kg жана  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан www.mkk.gov.kg дагы таба аласыздар.

Документтер 2019-жылдын 22-январынан тартып 4-февралын кошуп алганга чейин, (дем алыш күндөрүнөн тышкары), саат 9.00дөн 18.00гө чейин  (тыныгуу убактысы 12.00дон 13.00го чейин) Бишкек шаардык кеңешинин  дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси 166, №214 кабинетте  кабыл алынат. Сурап билүү телефону 62-26-27.

Эскертүү: Конкурска мындан ары катышуу үчүн коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так көрсөтүлүүсү зарыл.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-01-22 00:00:00
Дата аягы: 2019-02-04 00:00:00