Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Салык боюнча жетектөөчү адис
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Экономикалык жогорку билим же кесиптик орто билим.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамдары.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

 

Функционалдык милдеттери:

- кеңештин чечими менен киргизилген аймакта колдонулуучу жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын түшүүсүнүн түзүлгөн динамикасын, ошондой эле уюмдун, мекеменин жана ишкананын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнөн келип чыгып жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдү жана жергиликтүү бюджеттин кирешесине чегерүүлөрдүн белгиленген нормативдерин эске алуу менен жергиликтүү коомдоштуктун аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү божомолунун маалыматтарынын негизинде алдыдагы финансылык жылга жана орто мөөнөттүү (үч жылга) келечекке жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү боюнча иштерди жүргүзүүгө;

- айыл өкмөтүнүн бюджетине төлөмдөрдүн өз учурунда түшүүсүн контролдоого, салык төлөөчүлөрдүн төлөмдүк жана финансылык тартиптерди сактоолору боюнча регулярдуу, анын ичинде утурлама текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында төлөмдүк тартипти бузуучу чарбакер субъекттерге чараларды көрүүгө;

- кеңештин бюджеттик комиссиясынын кароосуна, жогору турган финансылык органдарга берүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрү боюнча зарыл материалдарды даярдоого;

- кварталдар боюнча бөлүү менен бюджетке төлөмдөрдүн планын түзүүгө, аны аткаруу үчүн чарбакер субъекттерге билдирүүнү жана анын аткарылышын камсыз кылууга;

- белгиленген финансылык отчетторду өз учурунда түзүүнү жана берүүнү камсыз кылууга;

- мезгил-мезгили менен (ай сайын, квартал сайын) аймакта белгиленген төлөмдөрдүн бюджеттик түшүүсүнө талдоо жүргүзүүгө жана тиешелүү сунуш киргизүүгө;

- салык салуу маселелерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды түшүндүрүү жана колдонуу боюнча юридикалык жана жеке жактарга консультациялык жардам көрсөтүүгө.

 

Талап кылынуучу документтер:

- жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

 

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн  ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Базар-Коргон району Кызыл-Үңкүр айыл аймагы, тел:0373660021.

     Квалификациялык  талаптарга жооп берген талапкерлер күндү жана жайды кошумча билдиребиз.

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-01-29 08:30:00
Дата аягы: 2019-02-11 17:30:00