Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча адис, ж.б.
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Экономикалык жогорку билим же кесиптик орто билим. 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» мыйзамы.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

Функциялык милдеттер:

- салыктык мыйзамдарды сактоо боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү методикасын колдонуу;

- бухгалтердик жана финансылык эсепти жана отчеттуулукту уюштуруунун азыркы учурдагы негиздери менен иштөө;

- бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү, чарбакер субъекттер - салык төлөөчүлөр менен иштөө;

- салык мыйзамдарын сактоо боюнча документтик (эсептик) текшерүүлөрдү жүргүзүү;

- бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту, ошондой эле экономиканы уюштуруунун негиздерин билүү;

- эсептөө техникасы, телекоммуникация жана байланыш каражаттары менен иштөө.

 

Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адис:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же орто кесиптик билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому.

         - билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

Функциялык милдеттер:

-айыл аймагынын иш кагаздары Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча  № 517 типтүү нускаманын  негизинде иш-кагаздарын жүргүзүү, АСКИД программасы менен иштөө;

- айыл өкмөтүнө жана айылдык (поселкалык) кеңешке келип түшкөн кат-кабарларды,арыздарды  кабыл алуу;

- кат-кабарларды, арыздарды  айыл аймагынын башчысына, анын орун басарына өткөрүп берүүнү жүргүзүү;

- айыл аймагынын  катталган арыздардын жана каттардын аткаруучу тарабынан өз мөөнөтүндө аткарууга алынып,арыз ээлерине же жагарку органдарына өз мөөнөтүндө берилүүсүнө, аткаруучуга эскертмелерди даярдап берүү;

- документтерди аткаруу маселелери жана аткарылбай,мөөнөтү өтүп кеткендиги боюнча  айыл өкмөтүнүн башчысы үчүн маалымат даярдоо;

- иштердин номенклатурасын жана башка документтерди жүргүзүү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын жана жооптуу катчынын башка тапшырмаларын аткаруу.

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР:

- жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

- паспорттун көчүрмөсүн;

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарекке тапшыруу зарыл: Базар-Коргон  району, Базар-Коргон айылы, К.Култаев көчөсү, 84

Телефондор:  (03736) 5-05-38,  5-00-53

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-02-12 08:30:00
Дата аягы: 2019-02-25 17:30:00