Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ноокен райондук маданият бөлүмү
Бөлүм:
Кызмат орду: башкы адис
Талаптар:

Билим:

-Гуманитардык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү жогорку билим.

Стажы жана иш тажрыйбасы:

мамлекеттик жана /же муниципалдык кызматтагы стажы бир жылдан кем эмес, же болбосо тийешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-“Маданият жөнүндө” мыйзам;

- “административдик жоопкерчилик жөнүндө”  кодекс;

- “Кыргыз Республикасынын китепкана иши жөнүндө”, “Музейлер жана музей фонду жөнүндө”, “Материалдык эмес маданий мурастары жөнүндө”, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө”,   “Манас эпосу жөнүндө” мыйзамдарды билүүсү.

-Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн  2017-жылдын 1-мартындагы №131-токтому.

- Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү зарыл болгон көлөмдө кызматтык милдеттерин аткара билүүсү;

-маалымат технологиясын өздөштүрүүсү (персоналдык компьютерде Word, Excel программаларында иштей билүүсү).

Функционалдык милдеттер:

-жетекчилеринин тапшырмасын так аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-жоопторду сапаттуу даярдоо;

-жарандардын кайрылууларына өз убагында жооп даярдоо;

- иш боюнча кат алышуу мамлекеттик жана расмий тилде иш алып баруу;

-команда менен биргеликте иштөө;

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө, практикада колдонуу;

-ээлик кылуу, компьютердик оргтехника, зарыл программалык продуктулар менен иштөө;

-кароо-сынактарды, иш чаралардын өз учурунда болуусун анын сапаттуу өтүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле бөлүмдүн айлык  кварталдык жана жылдык иш пландырын иштеп чыгуу жана отчетторду кабыл алуу.

Талапкылынуучу документтер:

1.Арыз.

2.Өздүк баракча.

3.3х4 өлчөмүндө 2 даана сүрөт.

4.Резюме, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен).

  1. Паспорттун көчүрмөсү.
  2. Билими тууралуу документ (диплом), көчүрмөсү (нотариус тарабынан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан тастыкталган).
  3. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан тастыкталган).

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Дареги :

 Ноокен району,  Масы айылы, Токтогул көчөсү № 2. Тел, факс(03734) 5-02-17. (03734)5-02-53.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-03-11 00:00:00
Дата аягы: 2019-03-25 00:00:00