Вакансиялар Чүй облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча башкы адис - 1 шт.б. (С-Б)
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Ысык-Ата айыл өкмөтү төмөндөгү ваканттык административдик муниципалдык кызмат орундарына конкурс жарыялайт:

мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча башкы адис-1 бош  муниципалдык кызмат орунуна конкурс жарыялайт.

Квалификациялык талаптар:

  1. Мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча башкы адиске:

Билими боюнча: Ветеринария жана зоотехния боюнча жогорку кесиптик билими, Эмгек стажысы боюнча:1жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык эмгек стажысы, же болбосо 3 жылдык кесиптик эмгек стажысы,

Профессионалдык компетенциясы боюнча:

Билүүсү:мамлекеттик жана расмий тилди, кесибине тийиштүү тармактагы КР мыйзамдарын “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндөгү”, “Ветеринария жөнүндө”, “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө”  билүүсү талап кылынат.

Көндүмдөрү:

-маалыматтарды чогултуп,анализдеп, систематизациялоону билүү.

-жергиликтүү жана чет элдик тажрыйбаны өз ишинде колдоно билүүсү.

-коллегалар менен натыйжалуу иш алып баруу.

-иш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билүү.

-иштеги жаңы жагдайларга көнүп кетүү

Өнөрдүүлүк:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөөнү жана иште колдонуу.
  • ишти жумуш убактысында туура бөлүштүрүү.
  • жетекчинин чечимдерин тез арада ишке ашыруу.
  • тийиштүү деңгээлде компьютердик программаларды билүүсү.

Функционалдык-кызматтык милдеттери:

  1. Мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча башкы адиске:
  • мал жана үй канаттуулардын санагын жүргүзөт (форма №3)
  • жылдын жыйынтыгы менен малдын жана үй канаттулардын санагынын жыйынтыгын чыгарат (форма №6)
  • айыл аймак боюнча малды идентификациялоонун маалымат базасын жүргүзөт
  • мал чарбачылыгын жана айыл чараба тармагын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт.
  • агрардык сектор боюнча мониторинг жана анализ жүргүзөт, тийиштүү отчетторун берет, ж.б.

Башкы ваканттык кызмат орундарга: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамдарын жана Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кенештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана  муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси"  өзүнүн кызматына тийиштүү мыйзамдарды, зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди, компьютердик программаларды билүүсү талап кылынат.

Талап кылынуучу документтер. Конкурска катышуу жөнүндөгү арызы, өздүк баракчасы,өмүр баяны, 2 сүрөт(4х6см), паспортунун көчүрмөсү, күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин жана билими жөнүндөгү документтеринин көчүрмөсү. Паспорту конкурска келгенде көрсөтүлөт.

            Документтер конкурс жарыяланган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде төмөнкү даректе айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы тарабынан кабыл алынат :Ысык-Ата айыл өкмөтү, Алмалуу айылы С.Жакишев көчөсү №17, сурап билүү телефону:0704800028.

            Толук жана кошумча маалыматтар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр  кызматынын сайтында: www.mkk.gov.kg  жана Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн сайтында: ysykata-ao.org. kg

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-04-02 00:00:00
Дата аягы: 2019-04-15 00:00:00