Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөтү
Кызмат орду: Жан-Булак айыл өкмөтүнүн экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис жана аскердик каттоо столунун инспектору
Талаптар:

Нарын  районунун  Жан-Булак  айыл  аймагынын  айыл өкмөтү  КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык  төмөндөгү муниципалдык административдик ваканттык кызмат орундарына  сынак жарыялайт.

Кенже  административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамын;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин 2016-жылдын  19-августундагы № 43токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодексин” милдеттүү билүүгө талаптар белгиленди;

Экономика статистика боюнча жетектөөчү  адис кызмат ордуна  коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А)

 - гуманитардык,  социалдык, педагогикалык,  экономика жана башкаруу,-  архитехтура жана курулуш , эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар,- автоматташтыруу жана башкаруу,  физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика багытындагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын;

-  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамын;

-  Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;

Аскердик каттоо столунун инспектору

  • гуманитардык, экономика жана башкаруу, айыл чарбасы, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометрология, табият таануу илимдери тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим

- иш стажына талап коюлбайт;

 кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

-  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын,

- Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Мыйзамын;

-  Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жана альтернативдик кызматты өтөө жөнүндө»  Мыйзамы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Функционалдык милдеттери

  • Айыл өкмөтүнүн аскерге милдетүү жарандар менен иш алып барат, тиешелүү органдары менен тыгыз иш алып баруу
  • Тиешелүү органдарга отчет берүү
  • Айыл өкмөт башчысынын тапшырмаларын аткаруу
  • Айыл өкмөтүнө тиешелүү маалыматтарды топтоо ж.б

 Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды каттоо баракчасы, резюме, өмүр баян;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (нотариустан

күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

 Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин Нарын  районунун Жан-Булак  айыл өкмөтүндө дареги:  Жан-Булак айылы Сурап билүү телефондору: (0707 99 77 52)

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-04-02 00:00:00
Дата аягы: 2019-04-15 00:00:00