Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Нарын районунун Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөтү
Кызмат орду: Учкун айыл өкмөтүнүн маалыматтык технологиялар боюнча адис
Талаптар:

Нарын  районунун  Учкун  айыл  аймагынын  айыл өкмөтү  КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык  төмөндөгү муниципалдык административдик ваканттык кызмат орунуна сынак жарыялайт.

 

Кенже  административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамын;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин 2016-жылдын  19-августундагы № 43токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодексин” милдеттүү билүүгө талаптар белгиленди;

Учкун  айыл өкмөтүнүн маалыматтык технологиялар боюнча   адис 

 Квалификациялык талаптар

кесиптик билимдин деңгээли:

- гуманитардык - социалдык - педагогикалык экономика жана башкаруу - эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар

- автоматташтыруу жана башкаруу

-  энергетика жана электроэнергетика -  транспорттук техника жана технология  -  физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика               

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

-  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамы

- Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Мыйзамын;

 

Функционалдык милдеттери

  • Айыл өкмөтүнүн жарандары менен иш алып барат, тиешелүү органдары менен тыгыз иш алып баруу
  • Тиешелүү органдарга отчет берүү
  • Айыл өкмөт башчысынын тапшырмаларын аткаруу
  • Айыл өкмөтүнө тиешелүү маалыматтарды топтоо ж.б

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды каттоо баракчасы, резюме, өмүр баян;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (нотариустан

күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

 

Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин Нарын  районунун Учкун  айыл өкмөтүндө дареги:  Куланак  айылы Касымаалы ажы көчөсү № 87, Сурап билүү телефондору: (03522) 0702 011 336

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-04-02 00:00:00
Дата аягы: 2019-04-15 00:00:00