Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөтү
Кызмат орду: Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, айыл чарба, мал чарбачылыгы жана ветеринария маселелери боюнча жетектөөчү адис
Талаптар:

Ак-Талаа  районунун  Кызыл-Белес  айыл аймагынын айыл өкмөтү          Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына    ылайык  төмөндөгү бош  административдик муниципалдык кызмат  ордуна  сынак жарыялайт.

 Кенже  административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамын;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин 2016-жылдын  19-августундагы № 43токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодексин” милдеттүү билүүгө талаптар белгиленди;

Кызыл-Белес  айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, айыл чарба, мал чарбачылыгы жана ветеринария маселелери боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (айыл чарбасы, юриспруденция, геодезия жана жерге  жайгаштыруу,  архитектура жана курулуш).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Жер кодексин, КР “Ветеринария жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарбасы жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарбасын өнүктүрүү” Мыйзамын, КР “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамын.  

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян (соттолгондугу же сотолбогондугу жөнүндө маалымат камтыган);

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

Документтер Ак-Талаа районунун Кадыраалы айылы Н.Кулназаров көчөсү №71 дарегинде Кызыл-Белес айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө, жарыя чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин  кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: 03537 6-05-50, 0702 60-26-63

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-04-09 00:00:00
Дата аягы: 2019-04-22 00:00:00