Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Нарын райондук социалдык өнүгүү башармалыгы
Бөлүм: үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү
Кызмат орду: Нарын райондук социалдык өнүгүү башармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жобого

ылайык Нарын райондук социалдык өнүгүү башармалыгынын  үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн  башкы адистик ваканттык административдик мамлекеттик кызмат ордуна

 

                                                           КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

 

Негизги квалификациялык талаптар:

 

  1. Кесиптик билимдин денгээли:

       - Жогорку билим (финансылык, экономикалык, юридикалык, гуманитардык же техникалык).

2.Иш стажысы жана тажрыйбасы: - жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компентентүүлүгү:

-Төмөнкүлөрдү билүүсү:

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “КР Үй-бүлө Кодекси”,  КР балдар жөнүндө Кодекси, “Эл аралык эмгек уюмунун балдардын эмгегинин өтө начар түрлөрүнө тыюу салуу жана аларды жоюу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө N 182 Конвенциясын ратификациялоо тууралуу”, 1993-жылдын 29-майында “Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу”, “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө”.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомдору: 2010-жылдын 2- мартындагы №125 “Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу”, 1998-жылдын 30-мартындагы №159 “Үй-бүлөлүк балдар үйү (багып алган үй-бүлөлөр) жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө”, 2012-жылдын 1-октябрындагы №670 “Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө”, 2012-жылдын 9-октябрындагы №691 “Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө”,

Функционалдык милдеттери:

Башкы адистин негизги функционалдык милдеттери:

-мыйзам менен чатагы бар балдар мене ниш алып барат:

-иликтөө органдарында жана соттордо жашы жете электердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт;

-мажбурлаган эмгек жана туура эмес иш-аракеттер катары балдар эмгегинин эщ начар формаларына балдарды тарткан учурда жана алардын жашоосуна, психикалык жана дене бой саламаттыгына кооптуулук келтирген үй-бүлөлөрдөн балдарды тез арада алууну жүргүзөт ж.б

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды каттоо баракчасы, резюме, өмүр баян;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (нотариустан

күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

Конкурска документтерди кабыл алуу газетага жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн документтер делого тиркелип, Нарын шаарындагы Б.Насыров көчөсү № 2 –дарегиндеги Нарын райондор аралык социалдык өнүгүү башкармалыгына тапшырылууга тийиш.

Сурап билүү телефондор: 0(3522) 5 04 76 Квалификациялык талаптарга жооп  бербеген талапкерлер конкурска чакырылбайт.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-04-09 00:00:00
Дата аягы: 2019-04-22 00:00:00