Вакансиялар Мамлекеттик органдардын
борбордук аппаратында

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
Бөлүм: Ички аудит сектору
Кызмат орду: Ички аудит секторунун башкы адиси
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  Ички аудит секторунун башкы адиси  –“У-Б” – Бишкек шаары

Квалификациялык  жана жеке сапат талаптары:

Билими-жогорку,  төмөнкү багыттар боюнча: экономика; финансы жана бухгалтердик эсеп багыттагы.

Стажы- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 (үч) жылдан  кем эмес иш стажы.

Ички аудитордун квалификациялык сертификаты болушу зарыл.

Төмөнкүлөрдү билүү:

жалпы мыйзам актылары – Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын  кароо тартиби жөнүдө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарын,

  Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.

тиешелүү тармактар боюнча:

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин; “Бухгалтердик эсеп  жөнүндө” жана “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын,  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  2014-жылдын 3-июнундагы №296 “Кыргыз Республикасынын Ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомун.

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди билүү.

Функционалдык  милдеттери:

-ички аудит жүргүзүү учурунда ички аудит стандарттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган талаптарды сактайт;

-ички аудит бөлүмүнүн башчысына министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү ар кандай тартип бузуу фактылары аныкталгандыгы жөнүндө маалымат берет;

-ички аудиттин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет;

-ички аудит жүргүзүүнүн стратегиялык жана жылдык пландарынын долбоорун иштеп чыгууга катышат;

-өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коюлган башка тапшырмаларды аткарат;

Сынака катышуу үчүн төмөнкү иш-кагаздарын  тапшыруу зарыл:

-арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;

-өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-өздүк баракча сүрөтү менен;

-паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кесиптик билимин, илимий даражасын жана илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Сынака катышуу үчүн бардык калоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккан күндөн тартып 2019-жылдын                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                     29-апрелине чейин  төмөнкү даректер боюнча тапшыруу керек:

Ош шаары, Моминова көчөсү, 11, 3-кабат, каб.302. тел.:03222-20811,

Бишкек шаары, А.Токтоналиева көчөсү, 2/1, 4-кабат, каб. 409 Тел.: 548945

Кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (www.mes.gov.kg) жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын (www.mkk.gov.kg) сайттарынан алса болот.

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-04-16 00:00:00
Дата аягы: 2019-04-29 00:00:00