Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы
Бөлүм:
Кызмат орду: Жетектөөчү адис
Талаптар:

Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы төмөндөкү административдик кызмат орундарына конкурс жарыялайт:

 

1. Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетектөөчү адиси-1 кызмат орун (М-А);

 

1. Квалификациялык талаптар:

- Жогорку билим, кесиптик билимге талап коюлбайт;

- Компьютерде иштей билүү;

- Мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү;

- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;

2000-жылдын 21-январындагы №36 “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”, 2003-жылдын 21-апрелиндеги №84 “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө”.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:

2011-жылдын 30-майындагы №264 “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спортттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү жөнүндө”, 2008-жылдын 26-августундагы №471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө”, 2008-жылдын 15-мартындагы №7 "Коомдук мекемелериндеги тамактануунун акчалай нормалары жөнүндө", 2013-жылдын 22-январындагы №25 “Дене тарбия жана спорт объекттеринин республикалык реестри жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө”, 2011-жылдын 23-августундагы №492 “Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө", 2017-жылдын 6-январындагы №8 “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2017-жылдын 1-мартындагы №131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомдорун билүү.

 

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

 

3. Функционалдык милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

- Укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу, макулдашуу;

- Жетекчиликтин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- Спорттук жана улуттук оюндарды өнүктүрүү максатында иш жүргүзүү;

- Областын аймагындагы спорт мектептери менен биргеликте иш алып баруу;

 

4. Билгичтиги:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

- командада иштөө;

 

5. Көндүмдөрү:

- укуктук нормативтик актылар менен иштөө;

- укуктук нормативтик актыларды иш жүзүндө колдонуу менен иш алып баруу;

- жумуш убактысын туура пландаштыруу жана бөлүштүрүү;

- башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Талап кылынуучу документтер:

- Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын конкурсттук комиссиясынын төрагасына арыз (телефондорун көрсөтүү менен);

- Кадрлар боюнча баракчасы, 4 х 6 см сүрөтү менен;

- Паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырган учурда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);

- Керектүү кесиптик билими, эмгек стажы жана квалификациясы жөнүндө документтерин (эмгек китепчесинин, билими жөнүндө квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

- КРнын ИИМден соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;

- Документтерди тигүү үчүн скоросшиватель;

 

Документтер газетага жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүк мөөнөттө төмөнкү дарекке тапшыруу зарыл: Жалал-Абад шаары, Манас көчөсү, Курманбек стадиону телефондор: (03722) 7-19-72, 7-33-66 факс 7-19-72

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-04-16 00:00:00
Дата аягы: 2019-04-29 00:00:00