Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөтү
Кызмат орду: мал чарбачылык жана ветеринария маселелери боюнча башкы адис
Талаптар:

Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын  айыл өкмөтү  мал чарбачылык жана ветеринария маселелери боюнча башкы адис кызмат ордуна конкурс жарыялайт

 

Квалификациялык талаптар

 кесиптик билимдин деңгээли:

 -  айыл чарба багытындагы, табият таануу илимдери багытындагы, геодезия жана жерге жайгаштыруу багытындагы жогорку кесиптик билим

                2) иш стажы жана тажрыйбасы:

                 - жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

                3) кесиптик компетенттүүлүгү:

                 төмөнкүлөрдү билүү:

-   Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын;

-   Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» Мыйзамын;

 -  Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

-   Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамын;

-   Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамын;

       кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Негизги функционалдык милдеттери:

  • Жетекчиликтин буйруктарын жана тапшырмаларын аткаруу;
  • райондук ветеринардык башкармалык менен тыгыз иш алып баруу
  • малдарды вакцинация иштерин уюштуруу
  • тиешелүү отчетторду түзүү жана тапшыруу ж.б.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

 

Документтер Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө (Жылын-Арык айылы)  массалык маалымат каражатарына чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин  кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: 0705555677

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-04-23 00:00:00
Дата аягы: 2019-05-07 00:00:00