Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кочкор-Ата шаарынын мэриясы
Бөлүм:
Кызмат орду: Социалдык маселелерди тейлөө боюнча башкы адис
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо багыты боюнча жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Үй бүлө Кодекси, «Балдар жөнүндө» Кодекси, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө», «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө», «Маданият жөнүндө», «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Мыйзамдарын билүүсү .

           

Функционалдык милдеттери:

 

-социалдык жактан корголбогон, моралдык жактан туруксуз үй-бүлөлөргө, ошондой  эле «Тобокелдик» тобундагы балдарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүү;

-үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо программаларын ишке ашыруу боюнча иштерди уюштуруу;

-шаар аймагындагы уюмдардан, мекеме-ишканалардан зарыл болгон маалыматтарды жана социалдык жактан коргоо, маданият, билим берүү, медициналык жана пенсиялык тейлөө боюнча маселелерди чечүү үчүн зарыл  болгон аналитикалык материалдарды алуу;

-социалдык жактан тейлөө маселелери боюнча жарандарды кабыл алууга, алардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү;

-жүргүзүлгөн иштер жөнүндө жылдык жана аралыктык отчетторду, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортторун толтуруу жана жетиштүү камсыз болбогон үй-бүлөлөргө жана жарандарга көрсөтүлгөн ар кандайматериалдык жардамдар боюнча отчетторду түзүү;

-үй-бүлөлөр менен балдарды, эмгекке жараксыз жалгыз бой жарандарды жана дене түзүлүшү жагынан кемтик адамдарды колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу мэрге, райондук социалдык коргоо башкармалыгына маалымат берүү;

-мамлекеттик женилдиктерди жана балдардын жөлөк пулун, майыптар жана Чернобль АЭСинин кыйроосунун катышуучулары үчүн жөлөк пулдарын алууга материалдарды социалдык маселелер боюнча комиссиянын бекитүүсүнө даярдоого жана берүү;

-берилген маалыматтардын туралыгын текшерүү;

-кедейликтен чыгаруу максатында үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо боюнча иш чараларды иштеп чыгуу;

-камкорчуларды дайындоо, ошондой эле камкорчулук көргөн жана бала асырап алган үй-бүлөлөрдү мониторинги боюнча материалдарды даярдоо;

-гуманитардык жардамга муктаж, жакыр жашоочулардын тизмесин даярдоого  жана алгандардын эсебин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;

-жетиштүү  камсыз болбогон көрсөтүлүүчү социалдык жардамдардын бардык түрлөрү (жөлөк пул, жеңилдиктер, материалдык, гумманитардык жана башка жардам) жөнүндө маалыматтарды маалымат банкына киргизүү;

-жергиликтүү жамааттын уставына ылайык жана мэрдин тапшырмасы боюнча башка иш милдеттерди жүргүзүү.

 

СЫНАККА КАТЫШУУ ΥЧΥН ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР:

 

  1. Өздүк арыз, комиссиянын төрайымынын атына;
  2. Өздүк баракча;
  3. 4х6 өлчөмдөгү сүрөт эки даана;
  4. Резюме;
  5. Паспорттун көчүрмөсү;
  6. Билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык тастыкталган же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган)
  7. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү(нотариалдык тастыкталган же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган)
  8. Сунуштама каттар;
  9. Талапкердин өз колу менен жазылган өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)

Документтерди кабыл алуу массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн кийин 10 (он) жумушчу күндүн ичинде   төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт.

Кочкор-Ата шаары, Токтогул көчөсү-17,  Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын имараты.

Байланыш телефондор:  (03734) 5-33-63,  0777865218

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-04-29 08:30:00
Дата аягы: 2019-05-15 17:30:00