Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Жетектөөчү адис - экономист-статист (1 штаттык бирдик), Адис – электрик (1 штаттык бирдик).
Талаптар:
  1. Жетектөөчү адис - экономист-статист (1 штаттык бирдик):

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же орто кесиптик билим - Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика багыттары боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө”
  • “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

-Кызматтык милдеттерге ылайык ишин натыйжалуу пландаштыруу.

- Мамлекеттик тилде жана расмий тилде кат алышуу.

- ченемдик-укуктук актылар менен иштешүү, тажрыйбада колдоно билүүсү.

 

  1. Адис – электрик (1 штаттык бирдик).

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же орто кесиптик билим - Энергетика тармактарында

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын “Электроэнергетика жөнүндө” мыйзамы.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

электроэнергетикалык товарларды колдоно билүү.

 

Талап  кылынуучу  документтер:

  1. Өздүк арыз
  2. Өздүк баракчасы - 1 даана
  3. 4х6 өлчөмүндөгү сүрөт – 2 даана
  4. эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( нотариус аркылуу тастыкталган)
  5. паспорттун көчүрмөсү
  6. резюме
  7. дипломдун көчүрмөсү ( нотариус аркылуу тастыкталган)
  8. өмүр баян (соттолгондугун же соттолбогондугун көрсөтүү менен)

 Иш кагаздарын кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштап 10 күн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт.

Ак-Жол айыл өкмөтү имараты. Тел: 6-01-04, 6-01-03.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-04-30 00:00:00
Дата аягы: 2019-05-16 00:00:00