Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: айыл өкмөтү
Кызмат орду: айыл чарбасы, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы
Талаптар:

Нарын районунун  Эмгекчил  айыл  аймагынын  айыл өкмөтү  КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык  төмөндөгү муниципалдык административдик ваканттык кызмат ордуна  сынак жарыялайт.

 

Эмгекчил айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы - кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

 1) кесиптик билимдин деңгээли:

-  экономика жана башкаруу багытындагы  жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (экономика, менеджмент, коммерция, соода иши, бизнес информатика, логистика, бизнес башкаруу, персоналдарды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг);

-  айыл чарба багытындагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (агрохимия жана агрожер кыртышын таануу, агрономия, агроинжинерия, зоотехния, ветеринария, балык чарба, айыл чарба продукцияларын =ндъръънън жана кайра иштетъънън технологиясы, геодезия жана жерге жайгаштыруу, геодезия жана  аралыктык байкаштыруу, жерге жайгаштыруу жана кадастарлар, геология, чалгындоо жана кендерди иштетъъ, колдонмо геология, геологиялык чалгындоонун технологиясы, тоо иштери, нефти газ иштери);

-  архитехтура жана курулуш багытындагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (архитехтура, архитехтуралык ч=йр=нън дизайны, реставрация жана архитехтуралык ч=йр=нъ реконструкциялоо,  шаар курулушу, курулуш);

- эсепт== техникасы жана информациялык технологиялар багытындагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (информатика жана эсепт== техникасы, информациялык система жана технологиялар, колдонмо информатика, программалык инжинерия, интернет технологиялар жана башкаруу);

-  материал таануу, металлургия жана машина куруу багытындагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (материал таануу жана материалдардын технологиясы, металургия, машина куруу, технологиялык машиналар жана жабдуулар, колдонмо механика);

- табият таануу илимдери багытындагы  жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (химия, биология, геология, география, картография жана геоинформатика, гидрометеорология, жер кыртышынын билими, жаратылышты колдонуу жана экология, биоэкология);

- геодезия жана жерге жайгаштыруу багытындагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (геодезия жана аралыктык байкаштыруу, жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, геология, чалгындоо жана кендерди иштетъъ, колдонмо геология, геологиялык чалгындоонун технологиясы, тоо иштери, нефти, газ иштери);

 2) иш стажы жана тажрыйбасы:

 - жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын

 кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (нотариустан

күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин Нарын районунун  Эмгекчил  айыл өкмөтүндө дареги:  Эмгекчил  айылы, Чыгыш-Ажы  көчөсү №42 кабыл алынат. Сурап билүү телефондору: 0705 75-14-02

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-04-30 00:00:00
Дата аягы: 2019-05-17 00:00:00