Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ала – Бука райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы
Бөлүм: Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү
Кызмат орду: Башкы адис (1 орун С-Б)
Талаптар:

Квалификациялык талаптар:

1.Кесиптик билими:

-жогорку билим (гуманитардык, экономикалык, юридикалык, техникалык же социалдык);

  1. Стаж жана адистик боюнча иш тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Милдеттери:

Кыргыз Республикасынын нормативдик актыларын билүү:

-Кыргыз Республикасынын кодекстери: Кыргыз Республикасынын  үй-бүлө кодекси,  Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: №182 “Эл аралык эмгектенүү мекемесинде балдардын эң төмөн түрдө иштөөсүн жок кылуу жана тыюу салуу боюнча ратификация жана конвенсиялар”, 1993-жылы 29-майда “Гаагада кабыл алынган балдарды коргоо боюнча эл аралык бала багууда кызматташуудагы ратификациялар жөнүндө конвенсиялар”, “КРнын калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө”;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтомдору: 2010-жылдын 2-мартындагы  № 125 токтому  “Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу”, 1998-жылдын 30-мартындагы  № 159 жобо “үй-бүлө типиндеги  балдар үйү  (багып алүүчү үй-бүлө)” жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы  № 670 токтому “Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2012-жылдын 9-октябрындагы  № 691 токтому  “Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө”.

-жаамат менен иш алып баруу, иш – кагаздарын мамлекеттик жана расмий тилде туура жана так аткаруу, чыр–чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу, жарандардын кайрылуусуна туура жана өз убагында жооп берүү жана кесиптик этиканы сактоо;

  1. Сынака катышуу үчүн документтер:

- бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз (байланыш телефон номери менен);

-кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен;

-резюме, сунуш каттар, өмүр баян;

-соттолбогондугу жөнүндө маалымат;

-медициналык тактама(ф-086);

-билими жөнүндө квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы  жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун жана аскер билетинин көчүрмөлөрү(эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүү зарыл).

Документтерди кабыл алуу жарыя гезит бетине чыккан күндөн тартып 10(он) жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт.

 Дареги: Ала –Бука айыл аймагы Ала –Бука айылы М.Мамырбеков көчөсү – 42,

тел.: (03741) 5-01-07 .

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-04-29 00:00:00
Дата аягы: 2019-05-15 00:00:00