Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөтү
Кызмат орду: социалдык жактан коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча адис
Талаптар:

Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтү КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык төмөндөгү кызмат орунга  сынак жарыялайт.

 

Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн  социалдык  жактан коргоо жана  социалдык маданий маселелер  боюнча  адис кызмат  ордуна коюлуучу квалификациялык  талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, саламаттыкты сактоо, гуманитардык).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Үй-бүлөө кодексин, КР Балдар кодексин, КР “Мамлекеттик  жѳлѳк пулдар  жѳнүндѳ” Мыйзамын, КРӨнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №823-токтому менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобосун, КР “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө” Мыйзамын.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян (сотолбогондугу жөнүндө маалымат камтыган);

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

Документтер Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылы К.Кыдыралиев көчөсү №62 дарегинде Ак-Моюн айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө, жарыя массалык маалымат каражаттарына чыккандан баштап 10 жумушчу күндүн ичинде  кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн www mkk.gov.kg сайтынан жана төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: 0702 28-28-44.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-07 00:00:00
Дата аягы: 2019-05-22 00:00:00