Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ала-Бука району Ала-Бука айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Жооптуу катчы
Талаптар:
  1. Квалификациялык талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика тармактарында)

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Ички жер которуу жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” № 706 токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө № 131 токтому.
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

Билгичтиги:

  • иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
  • алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
  • өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
  • чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

Көндүмдөрү:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык каражаттарды колдоно билүү.

 

Талап кылынуучу документтер:

  1. Жумушка кабыл алуу комиссиясынын атына арыз.
  2. Өздук баракча суроту менен.
  3. Паспортунун көчүрмөсү.
  4. Дипломдун нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү.
  5. Эмгек китепчесинын нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү, же мурда иштеген жеринен аныктама.
  6. Өмур баян (соттулугунун жоктугун көрсөтүү менен).

Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Ала-Бука айылы, М. Мамырбеков көчөсү, 52-үй.

Кошумча маалыматтар үчүн байланыш   телефондору:   (03741) 50013, 0778751184

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-15 00:00:00
Дата аягы: 2019-05-28 00:00:00